Таластагы Алмалуу-Тоодо өрт өчүрүү иштери 3 күндөн бери улантылып жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 2418
 
Опубликовано 31 Июля 2018, 01:54

28-июлдан бери Талас облусундагы Алмалуу-Тоодо чыккан өрттү өчүрүү иштери улантылып жатат.

ӨКМ билдиргендей, бүгүн, 31-июль күнү саат 07:00дө Манас райондук №100 өрт куткаруу бөлүмүнөн 20 куткаруучу жана токой чарбасынан 12 кызматкер жөнөп кеткен. Ошондой эле саат 10:30да аларга Жайылган айылынан 15 адам кошулду. Казакстан менен чектешкен аймактагы Алмалуу-Тоодо куураган чөп 28-июлда өрттөнүп баштаган. Ошондон бери өрт өчүрүлүп, кайра тутанып жатат. 29-июлда саат 19:30да өрт толук өчүрүлгөн, бирок 30-июлда түн ичинде кайрадан жанданып, Алмалуу-Тоонун аймагында болжол менен 1500 га куураган чөп күйүп кетти.

Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 18 куткаруучу, токой чарбадан 12 кызматкер тартылып, өрт кечээ, 30-июлда саат 12:10дө толук өчүрүлгөн. Кайрадан саат 19:05те өрт тутанып, Алмалуу-Тоонун аймагында болжол менен 100 га куураган чөп күйүп кетти.

Ал эми Манас районунун акиминин орун басары Замирбек Курманалиев учурда өрт өчүрүлгөндүгүн белгиледи.

«Өрт Казакстан менен Кыргызстан чектешкен жерде болуп жатат. Бүгүнкү күндө ӨКМден, биздин адамдар кошулуп 50 адамдай жүрөбүз. Өрттү өчүрүп, улам-улам күзөттө турабыз. Учурда өрт жок. Өрт чыккан эле жерде өчүрүү иштери жүрүп жатат», - деди ал.