Чүй облусунун Ысык-Ата районунда «ЖашTime Fest» аталышындагы жайкы фестиваль болуп өттү. Фестивалдын жүрүшүндө жаштар арасында КВН жарышы болуп, жеңүүчүлөр аныкталганын аймактык кабарчыга уюштуруучулар билдиришти.
«КВНге Ысык-Ата районунан куралып чыккан жаштар арасындагы 6 тайпа катышты. Жыйынтыгында Люксембург жана Новопокровка айылынын жаштары жеңүүчү аталды. Фестивалдын аягында фуршет жана бий уюштурулду. Иш-чарага мамлекеттик администрация кызматкерлери, жергиликтүү тургундар жана Бишкектен келген коноктор чакырылган» - дешти уюштуруучулар.