Баетов айылынын фермери К.Абышбаев айыл чарба бирикмесин түзүп, 200 гө чукул топоз, 700 кой багууда

turmush
Скачать
Просмотров: 5314
 
Опубликовано 2 Июля 2018, 16:04

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын фермери Качкынбек Абышбаев СССР өлкөсү жоюлуп, Кыргызстан өз алдынча эгемендүү мамлекет болгондон бери «Рус-Нур» айыл чарба бирикмесин түзүп, мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн үстүндө иш алып барууда. Фермердин мал чарбачылыгы менен аймактык кабарчы маектешти.

- Качкынбек Мааметович, алгач качан, кайсы мезгилде топоз багууну колго алып баштадыңыз?
- Союз тарап, эгемендүү өлкө болгондон кийин ар кимибиз өз алдынча иш кылууга өтпөдүкбү. Ошол союз тарагандан баштап топоз багууну ойлоно баштадым. Ошол себептен улам «Рус-Нур» айыл чарба бирикмесин түзүп, алгач 9 топозду жылкыга алмашып келип, аны көбөйтүүнү колго алдык. Тоо малы топоз деп коёт. Себеби, топоз багуунун артыкчылыгы тоют камдабайсың, жылуу короо-сарайдын зарылчылыгы жок. Болгону, малчың чынчыл, эмгекчил болсо болду. Эми ар кандай адилетсиз адамдардан, уурулардан кудай сактаса эле көбөйө берген мал экен. Учурда, 9 топозду асырап, төлүн алып отуруп азыр өзүңүздөр дагы санап көрдүңүздөр, саны 200 гө чукулдап калды.
- Айыл чарба бирикмесин түздүк деп жатасыз. Ушул айыл чарба бирикмеңизде топоз багуудан сырткары дагы кандай иштерди аркалап жатасыз?
- Бул коопративдин негизги максаты - айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүү, асыл-тукум мал көбөйтүү жана тектүү үрөндөрдү өстүрүп дыйкандарга жайылтуу максатында иш кылып жатабыз. Мында эт багытындагы койлор, асыл-тукум жылкылар дагы камтылган. Кирешеси кудайга шүгүр.
- Учурда, базар экономикасы күчөп турган мезгил. Кызыкканым топоздоруңуз канча килограммга чейин эт берет жана сатуу жагы кандай болууда?
- Айткандай 200 топоздун 70 пайызы ургаачы. Башкача айтканда тубар мал. Булар кунан жашынан баштап уруктандыруудан өтүп, төлдөп баштайт. 100 топоз 60 мамалак төлдөп берет. Ошол 60 мамалактын 30 башы эркек болот. Анан мен ошолордун тийиштүү жагын карап, этин, жашын карайм. 30 эркек топоздун (буканын) 10 башын букалыкка алып калып, калган 20 башын союп базарга алып чыгам. Ошондо эсептесем, 20 сы азыраак айтканда эле тирүүлөй 150 килограмм салмак басат. Ал эми союп эт түрүндө болсо 1 топоз 300 килограмм салмакта эт берет. Эркек топоздор эттүү болот. Эми мунун баарын эмеле сизге айткандай эч кимге доомат кылбай кирешеси, каражаты өзүмдүкү болгондуктан өз алдынча аракет кылуу менен сатуу жагын колго алуудабыз. Тактап айтканда тирүү 150-170 кг салмак болсо, союлган учурда 300 кг эт берет. Ал эми баасы болсо базар баасына жараша сатылат. Башкача айтканда койдун эти 350 сом болсо, топоздун этин 300 сомдон берип жатам. Согум учуру болгондуктан, өзгөчө ноябрь, декабрь айларында көп сурашат. Сойчусун союп беребиз, сойбогонун тирүүлөй беребиз. Топоз жаныбары - бул жылкы сыяктуу. Жылдын март айынан баштап апрель, июнь айы төлдөйт. Мезгилге жараша тоодо ак кар, көк музда жүрөт. Эми муну дагы кудай жараткан жаратылышы ушундай жаныбар. Алдыда дагы бир катар пландарым бар. Жайыт кенен. 200 эмес, 500 топоз асыроону максат кылуудабыз.
- Каякынбек аке, эт багытындагы кой багууну дагы колго алгам деп жатасыз. Ушул боюнча кеп төркүнүн улай кетсеңиз?
- Өзүңүз көргөндөй бул жерди Кара-Таш кыштоосу деп коет. Бул жерге тубар койлорду багып, дагы бир Чоң-Кара-Таш кыштоосуна субай койлорду багып, койдун башын 1 миңге чейин көбөйттүк. Жакынкы аралыкта малчым алыскы Арпа жайлоосуна көчүүгө даярданып жатат. Чындыгында, кой баласынын киреше бериши кыйын болуп калды. Себеби, мурдагы кыргыздын тоолук уяң жүндүү койлорун жоготуп алдык. «Тянь-Шань» тукумундагы жарым уян жүндүү койлорду дагы кыскартып алдык. Азыр толук кара жүндүү койго өтүп кеттик. Кара кой болгону 2 килограмм жүн берет. Жүндүн 2018-жылдагы баасы боюнча айта турган болсом, кара койдун жүнүн баасы 10 сом болду. Ал эми кыркынчыларга бир койду кыркууга 40 сомдон эмгек акы алышат. Ошондо, ар бир койду кырктырганга зыян тартасың. Булар эт багытында болгону гана пайдалуу. Ошондуктан уяң жүндүү койлорго өтсөк жакшы болот эле. Кой асырабаган кыргыз кыргыз болбой калат. Учурда 700 коюм бар.
- Эми бир суроо сизге. Асыл-тукум жылкыларды багууну жана көбөйтүүнү дагы колго алып баштаганыңызды билебиз. Ушул боюнча айтсаңыз?
- Асыл-тукум жылкыларды багуу боюнча өткөндө дагы сиздердин сайтка чыккан. Ысык-Көлдөн, Чүйдөн таза кандуу жылкыларды алып келүүнү дагы колго алып жатам. Бирок. азырынча таза кандуу жылкыларды эч ким сата элек болгондуктан жарым таза кандуу (полукровка) жылкыларды алып келип, ар кандай оюн-зоок, мааракелерде байгеге салып, алдыңкы орундарды камсыздап келе жатабыз. Максат - мелдешке салып, байге алуу эмес, асыл-тукум жылкыларды көбөйтүү болуп саналат.
- Айыл чарба бирикмеңизде канча жумушчу эмгектенет башкача айтканда канча адам жумуш орду менен камсыз болгон?
- Туура суроо. Мисалы, топозчум үй-бүлөсү менен, койчум үй-бүлөсү менен дегендей. Ошондой жылкычым, сугатчым үрөн чарбада иштеген жумушчуларым болуп үй-бүлөсү менен эсептегенде 30-35 адам жумуш орду менен камсыз болгон. Баардыгы өз ишин мыкты билген адистер деп койсом болот. Негизи жумушчуң тың болбосо ишиң жүрүшпөйт да. Эмгек акылары ар кандай. Мисалы, койчум ар бир койдуг башына 40 сомдон каражат алат. Эсептей келгенде 28 миң сом болот. Ар бири өзүнүн ишине, кылган эмгегине жараша акысын алат.
- Маегиңизге чоң рахмат. Ишиңизде ийгиликтер болсун.