Тоголок Молдо айылына ар бири 130 миң сомдук «Абердин-Ангус» түркүмүндөгү 5 бука алынды

turmush
Скачать
Просмотров: 7881
 
Опубликовано 30 Мая 2018, 16:13

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылына эт багытындагы ар бири 130 миң сомдук «Абердин-Ангус» түркүмүндөгү 1 жаштагы букалар алынгандыгын айылдын жайыт комитетинин төрагасы Таалай Моңолов аймактык кабарчыга билдирди.
Маалым болгондой, АРИС уюмунун «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1» долбоорунун алкагында, бодо малдардын асылдуулугун арттыруу максатында 1 жаштагы «Абердин-Ангус» түркүмүндөгү 5 бука алынып, пайдаланууга берилди.
«Бодо малдарды асылдуулугун арттыруу, санына эмес, сапатына карап мал асыроо максатында жайыт комитетине эт багытындагы 5 буканы Кочкор районунун «Салем» мал фермасынан алып келдик. Максаты, эт багытындагы бодо малдарды көбөйтүү болуп эсептелинет. Атайын даярдалган жерге багылууда. Бир уйга кошуп, төл алуу үчүн 1 миң сомдон баасын койдук. Мунун 500 сому букалардын тоютуна сарпталса, ал эми калганы ошол букаларды багып, карап жаткан адамдын айылыгына деп бөлдүк. Күүгө келген уйларын кшуу үчүн, алгач уйлары ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүлөт. Эгер, оорусу бар уйлар болсо кошконго болбойт» - деди Т.Моңолдоров.