Ак-Талаада Нарын дарыясындагы оңдоодон өтүп жаткан көпүрөнүн курулуш иштери суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам кайрадан үзгүлтүккө учурады

turmush
Скачать
Просмотров: 2640
 
Опубликовано 14 Мая 2018, 16:54

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Нарын дарыясынын чордонундагы Ак-Тал-Чат көпүрөсүнүн курулуш иштери дарыянын деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам кайрадан үзгүлтүккө учурагандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, мындан туптуура 1 жыл мурун кулап калуу коркунучуна кептелген стратегиялык мааниси зор, Ак-Талаа районуна караштуу Көк-Жар, Ак-Кыя, Кызыл-Белес, Жаңы-Талап жана Тоголок Молдо айылдарын, ары жагы Соң-Көл жайлоосун, ошондой эле Тогуз-Торо району менен болгон байланышты түзүп турган чоң көпүрөнү оңдоо иштери башталгандыгы белгилүү.
Андан бери канча убакыт өтүп, канчалаган бийлик адамдары келип, курулуш иштери менен таанышып кеткендигине карабастан, ушул кезге чейин курулуш иштери аягына чыкпай, аркы өйүздөгү 5 айыодын элинин арманы менен күйүтү болуп келүүдө. Райондун борбору менен болгон каттам үзүлгөнү аз келгенсип, ооруган адамдар ооруканага жете албай, азык-түлүк, жол кире кымбаттап кыйынчылык жаратып келгенин бир эмес, миң нече жолу жаздык.
Буга чейин, Нарын суусун нугу бир жак ныптасына бурулуп, дамбасы курулуп, элдин каттосуна обьездной жол жасалып берилген. Ал учурда, көпүрөнүн 8 тирөөчү куюлуп, орнотулган эле. Азыркы тапта, көпүрөнүн 2 прелётуна плиталасы жаткырылганы менен, ортоңку прелётуна плиталары коюла элек кезде, Нарын суусунун деңгээли кескин түрдө көбөйүп кетип, суунун нугун буруп турган дамбаны агызып кеткен.
Кечээ, болжол менен саат 14.00-15.00дөр чамасында кичинекей балдарын, жүгүн көтөрүп, суунун дал ортосунан кечип өткөн жергиликтүү тургундардын видеосу интернет айдыңында чоң резонс жаратып, соцтүйундөрдө кызуу талкууга алынып, талаш-тартышка түшүп турган учуру.
Бүгүн, 14-май күнү район акими Нурбек Молдокадыров көпүрөгө барган учурда, курулуш иштерин жүргүзүп жаткандар тарабынан көпүрөнүн ортоңку прелётундагы плиталарды жаткыруу үчүн суунун нугун кайра буруу керектиги билдирилди. Бирок, учурда суунун деңгээли күндөн күнгө көтөрүлүп жаткандыктан улам, суунун нугун бурулат деп эч ким кепилдик бере албасы белгилүү. Анткени, мындан азыраак агып келген суу дамбаны толук агызып кеткен.
Ал эми, аркы өйүздө турушкан жергиликтүү тургундар нааразычылыгын билдирип, айрым ооруп жаткан адамдарды ооруканага жеткирүү кыйынчылык болуп жаткандыгын атургай тамаша чынын аралыштырып "көпүрө оңдолуп бүткөчө, ооруп, кырылып калабызбы?" деп аргасы түгөнгөндө аны дагы айтышты.
Курулушчулардын билдиргенине караганда, суу бир аз тартылса, суунун нугун буруп, ортоңку прелётуна плитаны коюшаарын, ага бери дегенде эле 10 күндөй убакыт керектиги айтылды.