Чүйдүн Кара-Ой айылында бак-дарактар кыйылып жатат, - окурман

turmush
Скачать
Просмотров: 355
 
Опубликовано 28 Апреля 2018, 11:36

Чүй районуна караштуу Ибраимов айыл өкмөтүнүн Кара-Ой айылында тоо этектегендеги бак-дарактардын кыйылып жатат. Бул тууралуу окурмандар билдиришти.
Маалыматка караганда, бак-дарактардын алды 20-25 жылдык болсо, арты жаңы гана бүчүр байлап өсүп келе жатат. Ал жерде алма, кара өрүк, ар түрдүү дарактар өсүп тургандыгына карабай, суу түтүк алып өтүү үчүн дарактар кыйылып, тамырлары менен кошо казылууда. Бирок суу түтүк алып өтүү үчүн атайын бош тилке бар. Ага карабай көктөп турган дарактар кыйылып жатат.
Окурман аталган маселе боюнча атайын органдардан чара көрүүнүн суранды.