Баткен районунун Кара-Бак айылынын 31 жаштагы тургуну Абдулашим Мусаев майыптыгына карабай таксист болуп иштейт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, 2002-жылы 8-класста окуп жүргөндө велосипед тээп жүрүп бутун сындырып алган. Алган жаракаты кийин ракка айланып, дарыгерлер бутун кесип салышкан. Үй-бүлөдө 11 бир тууган.
Былтыр Айгүл-Тоого 11 жолу чыккан. Айрымдар тоого чыгууда андан артта калып калышат. Башкалар эс алып жатып чыгышса, балдакчан токтоосуз чыгып кете алат. Айдоочу катары Арстан-Бап, Сары-Челекке чейин барып келген.
«Учурда Баткенде айгүл гүлдөп жаткандыктан Айгүл-Тоого кардарларды ташып жатам. Кара-Бак айылынан Айгүл-Тоого чейин 700 сомдон 1000 сомго чейин алып келем. Бүгүн Айгүл-Тоого кардарларды 2 жолу ташыдым. Экөөндө тең Айгүл-Тоого чыгып түштүм. Экинчи жолу чыкканда 35 мүнөттө чыктым. Мага тоого чыккан жагат. Бийиктен жердеги адамдарды карап, таза аба жутуу өзүнчө ырахат. Андан да айгүл гүлүн көрүп гүлүн ырахаттанасың», - деди ал.
Айдоочу жубайы экөө 2 кызды тарбиялап жатат.