Кара-Бүргөндө М.Базаркулов атындагы орто мектебинде «Кош бол Алиппе!» аттуу майамдык кече өттү,

turmush
Скачать
Просмотров: 361
 
Опубликовано 19 Марта 2018, 18:32

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинде «Кош бол Алиппе!» аталыштагы алиппе майрамы салтанаттуу белгиленди.
Маалым болгондой, 17-март күнү аталган орто мектепте 1-класстын окуучулары алипе майрамын белгилешип, майрамдык кечеге ата-энелер, мугалимдер жана жергиликтүү тургундар катышып, анда мектеп директору Гүлкайыр Майрыкеева баштаган бир катар ата-энелер куттуктоолорун билдиришти.
Салтанаттын жүрүшүндө 1-классты аяктап жаткан окуучулар тарабынан ыр-бийлер, мугалимдерге, китепке жана ата-энелерге арналган көркөм окуулар, ошондой эле сатиралуу чыгармалар аткарылып берилди.
Бул, 1-класста жалпы 44 окуучу аяктап жатат жана аларга Гүлгаакы Мырзабекова жана Астра Сапанова билим беришүүдө.