Окурман Новопавловка айылындагы Пограничная жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишендеги жолду оңдоп коюну өтүнөт.
«Эч бир айыл өкмөтү карабайт. Дайыма же суу, же ылай. Бул жерден бир күндө 100дөгөн балдар мектепке өтүшөт, бут кийимдерин баткак. Былтыр шагыл төгүп кичине жакшы болуп калды эле, кайта көп өтпөй «Газпром» газ тартабыз деп казып, ошондон бери оңолбой келе жатат. Бир чара көрүп койсо жакшы болот эле», - деп жазат ал.
Ошондой эле дагы бир окурман Ала-Тоо конушундагы Маймак көчөсүнүн абалы да баткак экенин билдирди.