Бүгүн, 15-октябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында үйлөнүп жаткан жаш жубайлар шаардагы №8160 шайлоо участкасына келип добуш беришти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Маалым болгондой, 23 жаштагы Сабыржан уулу Эмилбек менен 20 жаштагы Махмутали кызы Канышай үлпөт тойдогу иш-чаранын алкагында өз добуштарын берүүнү чечишкен. Аларды шайлоо участкасынын төрайымы Гүлайым Эргешова куттуктап, гүл жана алкыш баракча тапшырды.