Баткендик М.Токтомуратова небересинин өлүмүнө дарыгерлерди айыптоодо

turmush
Скачать
Просмотров: 567
 
Опубликовано 12 Сентября 2017, 15:53

Баткен шаарынын тургуну Мария Токтомуратова 2015-жылы туулган небереси Азамат Абдималиков дарыгерлердин кайдыгерлигинен улам каза болгондугун билдирди.

Анын айтымында, Азамат ооруп ооруканага жаткырылган учурда дарыгерлер жакшы көнүл бурбагандыгы үчүн 9 күн медициналык аппаратта жатып. 1 жаш 4 айлык кезинде чарчап калган.

«Менин кайрылуумдун себеби дарыгерлерди ишинен кетирүү же соттошуу эмес, жөн гана башка карапайым калк да мендей боздоп калуусун каалабайм. Мындай көрүнүштү бары көрсүн жана дарыгерлерге катуу түрдө чаралар көрүлсүн. Эгер унчукпасак дарыгерлердин шалаакылыгы кайталана берет. Мен өзүм ушул эле оорукананын төрөт бөлүмүндө акушер болуп иштейм. Дарыгерлердин акча үчүн кууп жүрүп дарылагандарына күбө болуп келем», - деди ал.

Азамат 2016-жылдын 24-октябрында сасык тумоо менен ооруп, дене табы көтөрүлүп, облустук оорукананын балдар бөлүмүнө жаткырылган. Дарыгерлер алгач коюлган диагноз боюнча 4 күн дарылашып, бирок кайра башка диагноз коюшкан. Туура эмес диагноз боюнча дарылануунун кесепетинен баланы жасалма дем алдыруу аппаратына кошууга туура келген. Акыры абалы оорлошкондон оорлошуп, 9 күндөн кийин көз жумган. Баланы туугандары патолого-анатомиялык текшерүүдөн баш тартышып, денени алып кетишкен.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылардын негизинде КРныны өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Баткен аймактык башкармалыгы тарабынан текшерүүлөр жүрүп, жыйынтыгында дарыгерлер бейтапка көңүл кош мамиле кылгандыктары аныкталган.

Медициналык камсыздандыруу фондунун Баткен аймактык башкармалыгынын орун басары Закир Козубаевдин айтымында, баланы дарылоодо бир катар кемчиликтер кеткен.

1. бейтап ооруканага жаткан күнү бөлүм башчы тарабынан көрүлгөн эмес;

2. эки күндүн ичинде берилген антибиотиктерден өзгөрүү болбогондугуна карабастан 5 күнгө чейин ошол эле дары колдонула берген;

3. күзөттө турган дарыгерлер тарабынан бейтап баяны жазылган эмес;

4. жандынджыруу бөлүмүнө кеч которулган;

5. оорунун баяны толук жазылган эмес;

6. кандагы электролиттердин анализи жасалбаган;

7. бейтаптын ооруканадагы диагнозу менен оорунун белгилерине төп келбейт;

8. бейтап жаңы жаткан мезгилде сатурациясы өлчөнгөн эмес;

Жогоруда кетирилген кемчиликтерди эске алып, оорукананын балдар бөлүмүн башчысы Э.Садыков баш болгон бир катар дарыгерлерге эскертүү берилген.

Баткен облустук ооруканасынын башчысы Нурлан Салиев аталган дарыгерлерге кандай чара көрүлгөндүгү тууралуу сөз айтуудан баш тартты.