Ак-Талаада Ыйман, адеп жана маданият жылына карата «Ыр кесе» сынагы өткөрүлүп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 1045
 
Опубликовано 11 Мая 2017, 12:07

Нарын облусунун Ак-Талаа районунунда Ыйман, адеп жана маданият жылына карата айыл аймактар аралык жана мекеме-ишканалар ортосунда «Ыр кесе» сынагы башталгандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 2017-Ыйман, адеп жана маданият жылына карата райондук бийликтин жана райондук маданият бөлүмүнүн демилгеси менен 25-апрелден тартып, 10-июнга чейин өтө турчу «Ыр кесе» сынагында 1-орунга 20 миң сом, 2-орунга 10 миң сом жана 3-орунга 5 миң сом акчалай байгелер, баалуу белектер коюлган.