Кадамжайда А.Масалиевдин туулган күнүнө карата иш-чара өттү

turmush
Скачать
Просмотров: 357
 
Опубликовано 13 Апреля 2017, 09:47

Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагында Апсамат Масалиевдин 10-апрелдеги туулган күнүнө карата иш-чара өттү. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаты Жыргалбек Масалиев билдирди.
Анын айтымында, Алыш айылында өткөн иш-чарада Масалиевдин эстелигине гүл коюлуп, куран окулду.
Ага А. Масалиев айыл өкмөт башчысы, айылдык кеңештин депуттары, айыл аксакалдары жана жергиликтүү тургундар катышты. Саясий ишмердин туулган күнүнө карата жыл сайын окуучулар менен чоң масштабдагы иш-чараларды уюштуруп туруу сунушталды.
Апсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде туулган.