Жогорку Кеңеш 4-июнда Кыргызстанда шайлоо системасын жакшыртуу максатында эл аралык тажырыйбаларды эске алуу менен иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамдын долбоору каралды. «Мыйзам долбоорунда парламенттик шайлоо жүрүшүндө партиялык тизме түзүү жана партия ичинде депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү принциптери кайрадан аныкталып жатат. Демилгечилер ага толук негиз бар деген пикирде. Мыйзам Омурбек Текебаев башында турган отуздан ашык эл окулдору тарабынан даярдалган.