"Кумтөрдүн" ишин токтоткон жетекчилерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгеси бүгүн, 3-июнда ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинде 2-окууда жактырылды. Мындан тышкары мыйзам демилгечиси Омурбек Текебаев 3 жыл мурун президент кол коюудан баш тартып, артка кайтарган 30 пайыздан кем эмес мамлекеттин улушу бар комерциялык уюмдардын, жетекчилеринин жоопкерчилигин кучотуу боюнча мыйзам долбоорун кайрадан аталган комитеттин кароосуна алып келди. Эл окулдору мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.