Жашооң кандай, студент? сынагы

azattykplus
Скачать
Просмотров: 395
 
Опубликовано 26 Марта 2014, 11:44

Студенттик кез - жашоодогу эң бир керемет, кийинки турмуш пайдубалын түптөгөн мезгил эмеспи. Кыргызстандагы жүздөгөн окуу жайларда билим алып жаткан студенттердин окуу сапаты, жашоо шарттары, эс алуусу, тамактануусу -деги турмушу кандай өтүп жатканын билүүгө куштарбыз. Бир күнкү, бир сааттык, же бир жылдык - айтор жашооңордун ар кандай өңүтүн чагылдырган аңгеме-блог, видео, сүрөттөрдү күтөбүз. 15-июнда жыйынтыктала турган онлайн сынактын 4 жеңүүчүсү Samsung Galaxy чакан компьютери, же планшет менен
сыйланат. Эң мыкты авторлор "Азаттык" радиосунда практикадан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.Сапаты начар материалдар жарыяланбайт. Материалдарды 15-июнга чейин бул электрондук дарекке жибериңиз: jashtar2014@gmail.com “Азаттыктын” кеңсесинин дареги: Бөкөнбаев көчөсү, 177, Бишкек шаары. Viber же WhatsApp аркылуу (+996) 550 988 755 Байланыш телефондору: (312) 316160; (312) 31 61 53