"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы энергетика темасына арналды. Талкууга Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов жана Энергетика министрлигинин алдындагы Байкоочу кеңештин теңтөрайымы, “ЮНИСОН” коомдук фондунун директору Нурзат Абдрасулова катышты.