Бишкек- Кара- Балта жолунда 2 унаа кагышып, бири сайга түшүп кетти

turmush
Скачать
Просмотров: 444
 
Опубликовано 13 Октября 2026, 09:18

Бүгүн, 13- октябрда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылында эки унаа кагышып, бири сайга түшүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Жол кырсыгы Бишкек- Кара- Балта жолунун Петровка айылындагы Ак- Суу бурулушунда катталган.

" Түнкү саат 03.00дөр чамасында жол кырсыгына күбө болдук. Ак- Суу бурулушунда эки унаа кагышып, бири сайга түшүп кетти. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок. Биз окуяны видеого тартып алдык"' деди күбөлөр.

Алардын тарткан видеосунда райондук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери окуя болгон жерде иш алып барып жатканын көрүүгө болот.