Кечээ, 5-октябрь күнү Ош шаарындагы «Төлөйкөн» ат майданында Ош шаарынын мэринин кубогунун арналган Ош облустук жаштар чемпионатынын финалдык оюндары болуп өттү.
Анда 3-орун үчүн беттеш болуп, анда Өзгөн командасы менен Ноокат командасы ат салышты. Жыйынтыгында Өзгөн командасы жеңүүчү болуп, 3-орунду ээледи.