Ак-Талаа; Бекзат Батырбек уулу элди жаңы жумуртка азыгы менен камсыз кылууда

turmush
Скачать
Просмотров: 2
 
Опубликовано 5 Октября 2026, 23:01

«Айыл турмушу» рубрикабыздын кезектеги каарманы Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 32 жаштагы тургуну Бекзат Батырбек уулу өткөн жылдан бери чакан тоок чарбасы менен алектенүүдө. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Бекзат Батырбек уулу 1994-жылы Баетов айылында туулган. Үй-бүлөлүү. 2 уулдун атасы.

Алгачкы кадам

«Менин Ошто жакшы тааныш иним бар. Ал тоокторду багат эле. Бир жолу телефон менен сүйлөшүп отурсак, ал мага жумуртка багытындагы тоок багуумду сунуштаган. Бирок менде "айыл жергесинде, болгондо дагы климаты катаал аймакта болсом, кандай болот" деген бүдөмүк ойлордо болуп, тоок багуу боюнча толук чечим кабыл алган эмесмин. Анан, биздин Коңорчок айылында Улук байке (Улук Байыш уулу) ушундай тоок багат экен. Ал кишиден толук маалымат алдым. Ошондон улам бул ишкерликке кызыгып, эң алгач өткөн жылы 500 баш «Декалб» түркүмүндөгү тоок алып келгем. Ал эми быйыл август айында дагы 1 миңге чукул тоок алып келдим. Сарайды деле быйыл шашылыш салып калдым. Ошону менен азыркы учурда 1400 дөй толук бар. Жаңы алып келген тооктор жумурткага киргенине бир айдан ашты. Бир күндө болжол менен 1300 даанага чукул жумуртка алып жатабыз», - деди Бекзат мырза.

Тоок тоюту - жумурткалоону арттырат

«Тооктун тоюту тууралуу айтсам. Жемди болсо Бишкектен алдырып келебиз. "Аталык" деген фирманыкы. Бул атайын даярдалган жем. Курамында арпа, буудай, кальций, фосфор, жүгөрү жана башка витаминдер бар. Бирок, эч кандай химикаттар жок. Мунун 1 килограммын 34 сомдон 36 сомго чейин сатып алабыз. Жанагындай жүк тарткан «Спринтер» унаасы менен 1 килограммын 8 сомдон алып келип беришет. Эгер, алардан чоң унаалар менен болсо, андан мындан арзанырак баада алып келип беришет. Мага азыркы учурда 1 айга 5 тоннага чукул жем кетет. Албетте, жемин өз өлчөмүнөн аз, витаминсиз жем берсең жумуртка берүүсү азаят. Жумурткасынын көлөмү кичирейип, салмагы аз болуп жана ички желтогу дагы анча болбой калат. Сырткы кабыгы дагы жука болуп калат. Негизи, жаңы тууп баштаганда 1 жумуртканын салмагы 45 граммды түзөт. Акырындык менен күнүгө,жумасына чоңоюп баштайт. 1-2 айдан кийин 55-60 граммга чейин жетет. Андан соң 65-70 грамм, эң чоңдору 75-80 граммга чейин жетет. Көбүн эсе 65 грамм болот. 75-80 грамм көп болбойт. Ашып кетсе 2 лоток болот», - деди Бекзат Батырбек уулу.

Сарайга саналуу эле адамдар киребиз

«Сарайга саналуу эле адамдар киребиз. Чоочун адамдар кирүүгө болбойт. Апам, жубайым жана өзүм гана кирип иш алып барабыз. Себеби, булар аябай назик, коркок болушат. Ашыкча добуш, ашыкча кыймыл-аракеттерден чочуп калса туубай коюшат. Булар деле кадимкидей грипп болуп же жүдөп, айтор ооруп калуулулары мүмкүн. Бул жактагы ветеринардык адис байкерлерге кайрылам. Алар келип эмдөө иштерин жүргүзүп берип турушат. Ошондой эле, оорулардын алдын алуу боюнча витаминдери, дарылары болот. Аларды ай сайын же жумасына сууга кошуп берип турабыз. Алып келгенден бери 20 га чукул тоогубуз өлүп калды. Бирок, алар оорудан эмес, ар кандай жагдайдан өлдү. Башы торго кыпчылып, бирин-бири катуу чокуп салып дегендей. Эми кудайга шүгүр, оору-сыркоодон оолак эле», - деди ал.

Каржылык колдоого муктажбыз

«Бул тоок чарбасы Баетов айылында биринчи жолу 1500 баш тоок менен ачылып жаткан чарба экен. Биз муну менен Баетов айылынын элине канча тоок менен, канча жумуртка менен камсыздай алабыз деген саны чыгып калды да. Ошондуктан улам, тооктун санын көбөйтүшүбүз керек экен. Ал үчүн 10-15 миң тоок баткыдай сарай салуу, тоок багууга керектүү жабдууларды алуу жана жемин сактоого атайын кампа куруу сыяктуу зарылдыктар болуп, биз кандайдыр бир каржылык колдоого муктаж болуп калдык. Мурдагы күнү район акими жана айыл чарба башкармалыгынын жетекчиси болуп келишти. Чарбам менен таанышып, өздөрүнүн колдой турчу сунуштарын билдиришти. Жеңилдетилген насыя берүү жагын айтышты. Биздин шариятта насыя алууга болбойт. Бизге гранттык долбоолор болсо, мындан ары көбөйтүп, өнүктүрүп алуубузга жакшы болот эле. Ушул ойлорубузду айттык. Алар "макул, колдойбуз, гранттар болуп калса жардам алып берүүгө аракет кылабыз" деп кетишти», - деди Бекзат мырза.

Сатуу жагы санаага салган жок

«Жумурткаларын сатуу жагы кыйынчылык деле алып келген жок. Жумурткаларды айыл жергесиндеги дүкөндөргө таратып беребиз. Мындан тышкары, бул жакта ар кандай таттуу нан азыктарын жасагандар сатып алат. Күндө терилип алынган жумурткалар күндө эле өтөт. Айрым күндөрү гана 1-2 күн туруп калбаса, күндөгүсү күндө эле сатылат. Анткени, жаңы жумуртка дешип биздикине алышат. Дүкөндөргө сырттан келген жумурткаларды качан туулган, шаарда канча убакыт турду, бул жакка канча күндө келди, дүкөндө канча убакыт турганын айта албайбыз да. Айрымдар "дүкөндөн думуртка алсам, ичи бузулуп кетиптир, жыттанып кетиптир" деп калышат. Биз жумуртканы дагы элди алдабай, адал оокат кылалы деген максатта 3 кө бөлүп сорттору, анан сатабыз. Кичинекей, орточо жана чоң кылып. Көлөмдөрүнө жараша баа менен. Дайыма үйдөн алып көнүп калган кардарларыбыз бар», - деди Бекзат Батырбек уулу.