Ак-Талаа; Дастан Иманбеков "эч нерсе өспөйт" деген Ак-Талаага дарбыз өстүрүүдө

turmush
Скачать
Просмотров: 167
 
Опубликовано 23 Сентября 2026, 10:36

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылынын тургуну Дастан Иманбеков 5 жылдан бери дарбыз өстүрүп келе жатат. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Маалым болгондой, буга чейин Дастан Иманбеков жана анын жубайы Айперим Курманалиева үй шартында дайыма үйдөгү жаш балдарды дүкөндөрдөгү ар түркүн, курамы белгисиз таттуулардан оолактатуу үчүн эң жакшы альтернатива катары сүмөлөк бышырышып, Бишкек шаарына чейин сатып жатышкандыгы тууралуу маектешкенбиз. Ал эми учурда, жубайлар «эч нерсе өспөйт» деген Ак-Талаа районуна дарбыз өстүрүп келишет.

«Дарбызды 2022-жылдан бери өстүрүп келе жатабыз. Алгачкы жолу, базардан сатып алып жеген дарбыздын данектеринен эле айдаганбыз. Андан кийин, ошол өсүп чыккан дарбыздын данектеринен өстүрүп келе жатабыз. Өтө көп эмес, 2-3 сотых жерге айдайбыз. Парник кылган жокпу. Анткени, парник кылып өстүрүп, кайра ал парникти жерге отургузганда кыйналып калат экен. Быйыл 3 квадрат жерден 150-200 килограмм түшүм берди. Эң чоңу 6-7 килограмм, орточолору 4-5 килограмм, ал эми кичинекейлери 1-2 килограмм болду. Биздин топурак шорлуу боз топурак болгондуктан, малдын кыгын төккөнбүз. Малдын кыгы - бул таза органикалык жер семирткич. Эч кандай химиялык жер семирткичтерди колдонгон жокпуз. Экологиялык таза дарбыз десек болот. Албетте, берки базарлардан, дүкөндөрдөн сатып алган дарбыздарга караганда даамдуу жана таттуу. Дарбызды сатуу максатында эмес, үйдөгү балдарга экологиялык таза жер-жемиштерди берүү болуп саналат. Негизинен, сууну көп талап кылат экен. Целлофан менен жаап өстүрсө жакшы болот деп жатышат. Кийинки, жылы аны дагы байкап көрөбүз. Дарбыздан тышкары, помидор, бадыраң, ашкабак сыяктуу жер-жемиштерди өстүрүп алабыз», - деди Дастан Иманбеков.


--
Отправлено из Mail для Android