Ак-Талаа; Арашан тукумундагы кочкорлордун көргөзмөсү өттү

turmush
Скачать
Просмотров: 98
 
Опубликовано 16 Сентября 2026, 02:00

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылында «Арашан» тукумундагы кочкорлордун көргөзмөсү өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Уюштуруучулардын бири Ирбис Итикуловдун айтымында, кечээ 15-сентябрь күнү Чолок-Кайың айылында климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу асыл-тукумимал чарбасынын өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу, жергиликтүү элди сандан сапатка өтүүгө үндөө жана жайылтуу максатында эт багытындагы «Арашан» кочкорлордун көргөзмөсүн өткөрдүк. Көргөзмөгө, район аймагындагы бир катар аталган тукумдагы мал асырагандар келип катышты. Мында, кочкорлор жашына жараша же тактап айтканда козу кочкор, эки тиш кочкор, төрт тиш кочкор жана абсолют деп 4 этап боюнча бою жана салмагына жараша баа берилди.

Бою боюнча 1-орунду алгандар;

- Козулар арасында 86 сантиметрди түзгөн Нурбек Аяновдун кочкору,
- Эки тиштүүлөр арасында 96 сантиметрди түзгөн Өмүрбек уулу Максаттын кочкору,
- Төрт тиштүүлөр арасында 99 сантиметр болгон Мускай Акиевдин кочкору,
- Абсолюттар арасында 1 метрди түзгөн Кадырбек Жээналиевдин кочкору болду.

Салмагы боюнча 1-орунду ээлегендер;

- Козулар арасында 80 килограмм салмак менен Нурбек Аяновдун кочкору,
- Эки тиштүүлөр арасында 122 килограмм салмактагылар арасында Өмүрбек уулу Максаттын кочкору,
- Төрт тиштүүлөр арасында 140 килограмм салмактагылар арасында Абдыбек уулу Гүлжигиттин кочкору,
- Абсолюттар арасында салмагы 156,5 килограммды түзгөн Улан Казыбаевдин кочкору камсыздады


--
Отправлено из Mail для Android