Ак-Талаа; Арпа жайлоосунда дагы бир жырткыч атылды

turmush
Скачать
Просмотров: 355
 
Опубликовано 13 Сентября 2026, 13:06

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Арпа жайлоосунда экинчи барган мергендер тобу тарабынан дагы бир дөбөт карышкыр атылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кара-Бүргөн айылынын малчысы Кенжебек Исмаилов, кечээ уй жеген 2 карышкырдын бири атылгандыгын айтты.

«Түнкү саат 4:00 дө Баетов айылынын мергенчиси Кычан Турдубаев, Терек айылынын мергенчиси Муратбек Койчалиев келген. Аларга бул жактагы малчылардан Мирлан Беккелдиев жана мен кошулуп карышкырларга аңчылыкка чыктык. Кечээ, 2 карышкыр бир уйду жеп жатканын айтпадык беле. Ошол карышкырлар бүгүн таң атпай ошол уйдун тарпын жеп жатышыптыр. Ошол жерден мергенчи Муратбек Койчалиев атып калды. Ал эми экинчи карышкыр жарадар болду. Учурда, ошол карышкырдын артынан түшү, издеп жатабыз», - деди Кенжебек Исмаилов.

Аталган мергенчилер Кара-Бүргөн айыл өкмөтү тарабынан уюштурулуп, алар күйүүчү май менен камсыздалган.

--
Отправлено из Mail для Android