Ак-Талаа; Тоголок Молдо айылына бара турчу унаа жолго асфальт төшөө башталды

turmush
Скачать
Просмотров: 76
 
Опубликовано 12 Сентября 2026, 17:32

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылына барчу унаа жолго асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Аскар Өмүрбековдун айтымында, Актал-Чат - Жогорку-Май унаа жолунун 6,3 чакырымына же тактап айтканда Тайлак баатырдын күмбөзүнөн тарта Кара-Ой (мурунку Тоголок Молдо) айылына чейинки 7 чакырым узундуктагы унаа жолго асфальт төшөө иштери башталды.

Аталган унаа жолго 1 катмарлуу асфальт басылат. Учурда, асфальтка чейинки битум эмульсиясы 2 чакырымына чачылды. Аталган иш №15 жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат.