Нарын - Баетов - Макмал унаа жолунун абалы

turmush
Скачать
Просмотров: 95
 
Опубликовано 10 Сентября 2026, 10:22

Нарын облусундагы Нарын - Баетов - Макмал унаа жолунун абалынан айдоочулар нааразычылыгын билдиришүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Тал айылынын тургуну Дастан Иманбеков аталган унаа жолдогу аң-чөнөктөрдүн тереңдиги бир карыштан өтүп кеткенин айтты.

«Биз Ат-Башыдан келе жатабыз. Ал жактын мынчалык начало жолдору тургай, Бир аз дөңсө жер болсо дагы эскертүүчү жол белгилерин орнотуп коюшуптур. Биздин Нарын шаарынан Ак-Талаа районунун Ак-Тал ацылына чейинки жолдун абалы мышык ыйлагыдай эле болуп калды. Эски асфальттын тешилип калган аң-чөнөктөрдүн тереңдиги бир карыштан дагы терең. Асфальттын ацрым жерлери чөгүп, айрым жерлеринде дөңсөөлөр пайда болуп, ошол дөңсөөлөрдүн бийиктиги адамдын тизесине жетет. Айрым асфальттар түрүлүп, толгонуп калган. Бул жолдо дайыма каттап жүргөндөр жолдун сырын билгендиктен абайлап өтө. Жолдун сырын билбеген сырттан келгендер мындай жерлерге түз эле келип чабылат же тоголонуп кетет. Эми андан кудай сактасын. Жолдун четине чыгып, араң айдап калдык. Жок дегенде жол белгилерин дагы орнотуп коюшпайт. Унаалар жүрө албай калды», - деди Дастан Иманбеков.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Жол, транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргызавтожол - Түндүк» мамлекеттик ишканасына караштуу №1-жол башкармалыгынын директору Калысбек Базаров аталган унаа жолдун Нарын районунун аймагындагы 8-13-тилкесине (Нарын шаарынан Ак-Кыяга чейин) 5 чакырым аралыгына №1-жол башкармалыгынын ишканасы тарабынан эки катмар асфальт тоолук төшөлүп бүттү. Ошондой эле, 13-38-тилкесине(Ак-Кыядан Куланак ГЭСне чейин) асфальт басуу үчүн жер жумуштары жүрүп жатат. Мунун ичинде 5 чакырымына жаңы жол салынат. Себеби, жаңы гидроэлектрстанциясы салынып бүтсө, мурунку жол суу астында калат. Бул тилкени «Рейл Вей №11» ишканасы ишке ашырып жаткандыгын айткан эле.



--
Отправлено из Mail для Android