Ак-Талаанын "Ак Мөөр" боз үй чечүү сынагында 2-орунду багындырды

turmush
Скачать
Просмотров: 6
 
Опубликовано 5 Сентября 2026, 14:59

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылынын кыз-келиндери республика боюнча 2-орунду камсыздашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында боз үй тигүү жана чечүү «Шамдагайлар» сынагында боз үй чечүү сынагынын финалында 8 минут 36 секундда чечип, жыйноо менен 2-орунду багындырып, Нарын облусунун намысына жарап беришти. Алар буга чейин «Г» тайпасынан алдыга озуп чыгып, 7 минут 38 секундда боз үйдү чечип жана жыйноодо финалга өткөн.

Боз үй чечүү-жыйноо боюнча «Ак Мөөр» командасынын курамы;

- Азиза Насирдин кызы, командасынын капитаны,
- Мырзайым Орункул кызы,
- Батийна Сексенбек кызы,
- Айсулуу Сагынбекова,
- Кулпунай Бусурманкул кызы,
- Миңбай Тойчубек уулу,
- Гүлжан Маратбекова, резервде.