Нарын облусунун командасы "Хан көтөрүү" салтын көрсөтүштү

turmush
Скачать
Просмотров: 125
 
Опубликовано 3 Сентября 2026, 19:41

Бүгүн 3-сентябрь күнү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Нарын облусу кыргыз элинин «Хан көтөрүү» жөрөлгөсүн көрсөтүштү. Бул тууралуу Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү маалымдады.

Маалым болгондой, көчмөндөр оюнундагы 10 сынактын арасында «Хан көтөрүү» сынагы бар. Ага ылайык Нарын облусунун командасы салттын тарыхый маанисин жана аткарылыш өзгөчөлүгүн сахналаштырылган көрүнүш аркылуу көрсөтүп беришти.

Сынактын жүрүшүнө атайын комиссия баа берип, катышуучулардын салтты аткаруу чеберчилигине, улуттук өзгөчөлүктөрдүн сакталышына жана көрсөтүүнүн мазмунуна көңүл бурууда.

--
Отправлено из Mail для Android