Бүгүн 3-сентябрь күнү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында боз үй тигүү жана чечүү «Шамдагайлар» сынагында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун келиндери боз үй чечүүдө 1-орунду ээлешти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында боз үй тигүү жана чечүү «Шамдагайлар» сынагында Ак-Талаа районунун намысын коргоо үчүн Ак-Кыя айылынан боз үй тигүү боюнча «Өргөө чеберлери» командасы катышып, бирок жеңилүүгө дуушар болгон. Ал эми боз үй чечүү сынагында «Ак Мөөр» командасы 7 минут 38 секундда боз үйдү чечип жана жыйноодо ийгилик жаратышты.
Боз үй чечүү-жыйноо боюнча «Ак Мөөр» командасынын курамы;
- Азиза Насирдин кызы, командасынын капитаны,
- Мырзайым Орункул кызы,
- Батийна Сексенбек кызы,
- Айсулуу Сагынбекова,
- Кулпунай Бусурманкул кызы,
- Миңбай Тойчубек уулу,
- Гүлжан Маратбекова, резервде.
--
Отправлено из Mail для Android