Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Нарын ордого барды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн 3-сентябрь күнү Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жатат. Учурда, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Нарын ордого баш бакты. Аны Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жылдыз Мамбетова баштаган өкүлдөр тосуп алды.
Төрага Нарын элин мыкты даярдыкта уюштуруп, мамлекеткеттин өнүгүшүнө салым кошуп жаткандыктарын белгиледи.
«Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан куттуктаймын. Силерге терең ыраазычылык, рахмат айтабыз. Элге, мамлекетке кызмат кылып жатканыңыздар үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Дагы да алдыда майрамдар улана берсин. Бүткүл дүйнөгө кыргыз элин, кыргыздарды тааныта бериңиздер», - деди төрага.
--
Отправлено из Mail для Android