Ак-Талаа; Айдоочулар унаа жолдо төгүлгөн шагылдар дароо түздөлбөй жатканына нааразы болушууда

turmush
Скачать
Просмотров: 103
 
Опубликовано 1 Сентября 2026, 16:28

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын - Баетов - Макмал унаа жолунда төгүлгөн шагылдар ушул күнгө чейин түздөлбөй турганына айдоочулар нааразы болушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айдоочулар жолдун бир тилкесине төгүлгөн шагыл көптөн бери түздөлбөй жатканына нааразы болушууда.

«Жолду баштагандарына көп болду. Ушул күнгө чейин бүтө албай жүрүшөт. Жолдун бир тилкесине шагыл төгүлгөн. Ошол төгүлгөн боюнча турат. Төккөндн кийин дароо артынан түздөп кетишсе болбойбу. Карама-каршы чыккан унаалар бир тилкеге батпай, айдоочулар эле кыйналып жатабыз. Жолдун чаңын сурабай эле койгула», - дейт айдоочулар.

Ал эми Ак-Талаа райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Аскар Өмүрбеков төгүлгөн шагылдар эртең же бүрсүгүнү түздөлөрүн айтты.

«Ал чөлкөм саздак жер болгондуктан, жер алдындагы сууларды агызуу, кургатуу иштеринин натыйжасында иш создугуп кетти. Жалпы 4,5 чакырым жолго асфальт басылат. Учурда, асфальт басууга жол даярдалып жатат. Жер алдындагы сууларды кургатпаса, кийин асфальтты тээп коёт. Жолду жасап жаткан ишканадан жолду сапаттуу салууларын талап кылгам. Ал эми төгүлүп, түздөлбөй жаткан шагылдар боюнча мага дагы кайрылышууда. Биз ишканага бул боюнча билдиргенбиз. Эртең же бүрсүгүнү түздөшөт», - деди Аскар Өмүрбеков.

--
Отправлено из Mail для Android