Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылынын кире беришине инсталяция орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Аталган айылдын айыл башчысы Марат Эдигеевдин айтымында, жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом бөлүнүп, ал акча каражатына айылдын кире беришине «Жүрөгүмдө Кош-Дөбө» аталышында инсталляция жасатып келинди. Ал эми аны орнотууга керектелүүчү цемент жана башка курулуш материалдары демөөрчүлөр тарабынан алынып, орнотуу иштери айыл тургундары тарабынан ишке ашырылды.
«Айылга сырттан куда-сөөк келет экен. Эл ичинде жакшылык, той болот экен. Конокторду тосуп алуу, узатулар болот эмеспи. Ошолорго шарт түзүп берүү максатында жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун руксаты менен 50 сотых жер тилкеси бөлүнүп берилген. Учурда, жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом бөлүндү. Мындан тышкары, демөөрчүлөи жана айылдагы мекенчил жигиттердин жардамы менен бул ишти баштадык. Жөн гана инсталляция гана орнотулуп калбайт. Айланасы тосулат. Бак-дарактар отургузулуп, жашылдандырылат. Отургучтар орнотулат. Жарыктар коюлат. Мунун бардыгына дагы демөөрчүлөр керек. Ал жерде электр чубалгылары жок болгондугуна байланыштуу кечкисин тамгалар күйүп туруш үчүн унаанын аккумуляторун алып барып, ошого кошуп койгом. Эртең менен барып ажыратып, кечке аккумуляторду кубаттап, кечинде кайра алып барып кошуп коюп жатам. Келечегинде күн чырак орнотобуз. Бул иштин башталышы эле», - деди М.Эдигеев.
--
Отправлено из Mail для Android