Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов - Кош-Дөбө унаа жолундагы айрым тилкелерде бир эле унаа жүргүдөй болуп калгандыгына айдоочулар нааразы болушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, аталган унаа жолдун Шор-Булак кыя жол жана Сүттүү-Булак чөлкөмүнө түшүп бара жаткан кыя жол жаан жаап, кыян суулардын жүрүшүнөн улам, жолдун эки тарабы кум-шагылга толуп, натыйжада бир эле унаа жүрө алгыдай жолдун алабы тар болуп калгандыгын айтышууда.
Кара-Бүргөн айылынын айдоочусу Манас Садыбакасов жолдун айрым тилкелерин кеңейтип коюшса болот эле дейт.
«Ак-Чий тарапта Шор-Булактын кыясы деп коёт эмеспи. Ошол кыя жолдун алабы тар. Ошондой эле, Сүттүү-Булакка түшүп бара жаткан кыядагы жол дагы тар болуп калган. Ушулардын четтерин сүрүп, жолдун алабын кеңейтип коюшса болбойбу. Бир эле унаа араң батып калды. Алдыңдан каршы чыккан унаа менен тийишип кетчүдөй болуп араң эле өтөсүң. Канчадан бери эле айтып жатабыз. Кеңейтип сүзүп берип коюшпайбы», - деди ал.
Ал эми Ак-Талаа райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Аскар Өмүрбеков, айдоочулар айткан жол тилкелерин калыбына келтирүүгө эртең техникаларын чыгарарын билдирди.
--
Отправлено из Mail для Android