Ак-Талаа; Айдоочуларга "Атаке шашпачы" аталыштагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 59
 
Опубликовано 21 Августа 2026, 15:42

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда айдоочуларга тиешелүү кызмат өкүлдөрү тарабынан «Атаке шашпачы» аталышта жол эрежелерин сактоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан жергиликтүү айдоочуларга жана Темир жол куруу иштеринде жүргөн кытайлык айдоочуларга «Атаке шашпачы» аталыштагы түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Иш-чаранын алкагында, айдоочуларга чаң жолдо унаалардын аралыгын сактап айдоо, чаң учурунда карама-каршы тилкеге чыгып ашып өтпөө, калктуу конуштарда ылдамдыкты ашырбоо, жол эрежелерин так сактоо жана алкоголь ичимдиктерин ичип алып унаа башкарбоо керектигин, жол кырсыктарынан улам адам өмүрлөрү кыйылып, балдар жетим калып жаткандыгы түшүндүрүлдү. Мындан тышкары, «Атаке шашпачы» деген атайын жол эрежелери жазылган китепчелер таратылып берилди.

Ак-Талаа райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Асыкбек Шакулов ар бир айдоочу унаа башкаруунун жолпкерчилигин сезиш керек экендигин айтты.

«Өзүңүздөргө деле белгилүү болгондой, Баетов-Кош-Дөбө унаа жолунда чаңдан улам жол кырсыктары катталып жатат. Адам өмүрлөрү кыйылып кетүүдө. Калктуу конуштарда айрым учурларда алкаголь ичимдиктерин ичип алышып айдагандар болуп жатат. Андан дагы кырсыктар болуп кетүүдө. Биз буга чейин деле бир нече жолу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенбиз. Бүгүн дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Мисалы, унаа жолдо чаң болгон учурда ылдамдыкты азайтыш керек. Унаалар ортосунда 5 метр аралыкты сакташ керек. Көбү чада карама-каршы тилкеге чыгып ашып өтпөш керек. Чаң жолдо саатына 60-70 чакырым ылдамдыктан ашырбай айдоо зарыл. Ар бир айдоочу жолдо жүргөндө унааны башкаруу чоң жоопкерчилик экендигин эске алуулары зарыл», - деди А.Шакулов.

Эске сала кетсек, буга чейин жергиликтүү тургундар тарабынан Баетов - Кош-Дөбө унаа жолунун чаңынан улам жол кырсыктары катталып, адам өмүрлөрү кыйылып жаткандыгына нааразычылыктарын айтып келишкен.

--
Отправлено из Mail для Android