Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынан чыккан эр эңиш балбаны Ислам Бердибек уулу 6-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда эр эңиште күч сынашат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, буга чейин республикалык улуттук ири спорттук мелдештерде байгелүү орундарды камсыздап, 2018-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун, 2024-жылы сентябрь айында Астана шаарында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону болууга жетишкен, эр эңиш боюнча Кыргыз Республикасынын «Эл аралык класстагы спорт чебери» Ислам Бердибек уулу 6-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда 90 килограмм салмактагылар арасында эр эңиште күч сынашуу максатында Ысык-Көл аймагында машыгуулардан өтүп жатат.
«Учурда, 3 маал машыгуудан өтүп жатам. Өзүбүз Бостериге жайгашканбыз. Ал эми атым Чолпон-Атада. Даярдыктар абдан жакшы. Күндө саат 6:00 дөн 8:00 гө чейин өзүбүз машыгабыз. Саат 10:00 дө ипподромго барып, 13:00 гө чейин ат менен машыгабыз. 16:30 га чейин эс алабыз. Андан кийин кайрадан машыгууларга киребиз. Кудай буюрса, жеңишке аракет кылабыз», - деди Ислам Бердибек уулу.
--
Отправлено из Mail для Android