А. Навои жана Курманжан Датка көчөлөрүндө троллейбус линиялары жаңыланууда

turmush
Скачать
Просмотров: 6
 
Опубликовано 18 Августа 2026, 11:07

Ош шаарында №2 троллейбус каттамы убактылуу токтотулду. Буга шаардагы тролейбус линияларын жаңылоо жана жол оңдоо иштери себеп болууда. Ош шаарындагы А. Навои жана Курманжан Датка көчөлөрүндө троллейбустук линияларды жаңылоо иштери жүрүп жатат. Ушуга байланыштуу №2 троллейбус каттамы убактылуу токтотулду.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Курманжан Датка көчөсүндө тролейбус линияларын жаңылоо иштери менен катар жолго асфальттын экинчи катмарын төшөө жумуштары да параллелдүү жүргүзүлүүдө.