Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Арпа жайлоосундагы айрым малчылар Кичи-Каман суусундагы көпүрө дагы оңдолбой жаткандыгын айтып нааразы болушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Арпа жайлоосундагы малчы Эркинбек Бабыгулов, буга чейин, аталган жайлооонун Кичи-Каман суусундагы унаа өтүүчү көпүрө суунун чоң агымына дуушар болуп, натыйжада көпүрөнүн башын суу алып кетип, кыйрап калуу коркунучунан кептелгенин жана көпүрөнү оңдоп берүү боюнча Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө кайрылышкандыгын билдирген эле. Ал бүгүн кайрадан кайрылууга аргасыз болуп жатканын айтты.
«Көпүрөнүн кыйшайып турганына бир ай болду. Буга чейин 10-августта жасап беребиз дешти эле, жасалган жок. Кайра 15-августта келип жасайбыз дешти эле, дагы деле келишкен жок. Буга чейин унаа болбосо дагы, ат менен өтүп жаттык эле. Эми ат менен дагы өтүүгө мүмкүн болбой калды. Сентябрь айы чукулдады. Бул жактагы малчылар деле унаага мал жүктөп барып, малды сатып, балдарыбызга окуу куралдарын, кийим-кечелерин алып берип, окууга даярдайбызбы же ушинтип жок талаада кала беребизби. Ала-Буга айыл өкмөтү менен Кара-Бүргөн айыл өкмөтү биргелешип жасап берип коюшса болмок да. Мына эч ким көңүл бурган жок. Нарын облусунун жетекчилигине үйүбүздү жеткирип койгулачы. Бул жерде жалгыз мен кайрылып жаткан жокмун да. Менден башка дагы бир топ малчылар бар. Бул Каман-Суусу 20-сентябрга чейин тартылбайт. Учурда, суу кирип жатат», - деди Эркинбек Бабыгулов.
Ал эми Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайберген Русланов, күйүүчү май жок болуп жаткандыгы менен түшүндүрдү. Ал эми Ала-Буга айыл өкмөтүнүн башчысы Абдымалик Сулайманов биргелешип жасоодон баш тартышпастыгын, жардам беришерин айтты.
--
Отправлено из Mail для Android