Нарын облусунун Нарын шаарында дээрлик 100 млн сомго чукул долбоордун курулушу ноябрь айында бүткөрүлөрү айтылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Нарын шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган шаардын Москва конушунда жайгашкан Муса Жусаев атындагы сейил багы 99 млн 200 миң сомго оңдоодон өткөрүлүп жатат. Көрсөтүлгөн сумманын ичинен 52 млн 200 миң сому эл аралык уюмдардын каржылоосу сейил бак кайра калыбына келтирилип жатат. Ал эми Нарын шаардык мэриясы тарабынан 47 млн сом насыя алынып, бул каражатка сейил бакка таза суу тартылып, аттракцион орнотулуп жатат. Курулуш иштери ушул жылдын ноябрь айында бүткөрүлөрү айтылды. Тактап айтканда, Муса Жусаев сейил бакта спорт аянтчалар, балдар оюн зоналары, ачык асман алдындагы амфитеатр, аттракцион, жасалма көлмөлөр жана көргөзмөлөр курулат. Ошондой эле, бак-дарактар отургузулат.
«Бул өзгөрүүлөр Нарындын табигый көркүн байытып, климатка туруктуулукту арттырат жана шаар тургундарын жашоого дагы ыңгайлуу кылат. Ошондой эле, шаарды жашылдандыруу, экологиялык туруктуулугун арттыруу, шаар тургундарына заманбап, инклюзивдүү эс алуусуна шарт түзүү максатында ишке ашырылып жатат», - деп айтылат маалыматта.
Отправлено из Mail для Android