Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Нарын - Баетов - Макмал унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болгондугу айтылды. Мындан улам жергиликтүү жашоочулар жолдун начардыгына нааразычылык билдиришүүдө.
Маалыматтарга караганда, ушул жылдын 6-август күнү Нарын - Баетов - Макмал унаа жолунда же тактап айтканда Кара-Бүргөн айылынын түндүк тарабында эл ташыган «Спринтер» унаасы менен «Toyota 4Runner» унаасы кагылышып, натыйжада «Спринтер» унаасынын айдоочусу каза болгондугу айтылды. Жалпы 12 адам жол кырсыгынан жабыр тартса, 3 адам Нарынга, 4 адам Бишкекке ооруканага жеткирилгендиги ырасталды. «Toyota 4Runner» унаасынын айдоочусунун абалы оор экендиги маалым болду. Калганы жеңил жаракат алып, райондук ооруканада жаткырылган.
Бул жол кырсыгынын чыгышына жолдун чаңы себеп болуп жаткандыгын айткан жергиликтүү тургундар социалдык түйүндөрдө нааразычылык билдиришүүдө.
«Өзү эле араң турган жолдон Темир жол курулушуна курулуш материалдарын тарткан оор жүк ташуучу унаалар огобетер талкалап бүттү. Анан калса, алар катуу ылдамдыкта айдап өтүшүүдө. Жолно суу чачылбайт. Чаңдан жол көрүнбөй, жол кырсыктары катталып, адам өмүрлөрү кыйылып, адамдар майып болуп ден соолугунан ажырап жатышат. Бул жолго көңүл бурган эч ким жок. Жолду оңдоп берип коюшса болмок», - дешүүдө жергиликтүү жашоочулар.
https://bulbul.kg/video:114469
--
Отправлено из Mail для Android