Ак-Талаа; Кош-Дөбө айылынын эли чалчык суу ичүүгө аргасыз болууда
-
Категория
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылынын жашоочулары кир суу ичип жатышкандарына нааразы болууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Кош-Дөбө айылынын тургуну, Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Гүлзина Касымова чалчык суу ичип жатышкандыгын айтты.
«Бизге таза суу 2012-жылы кирген. Бирок, ал убакта калктын саны аз, сууга болгон муктаждык азыркыдай эмес болгондуктан, суу жетип келген. Жылдан жылга калктын саны өсүп, көпчүлүк элдин сууну үйгө киргизип алуулары көбөйгөндүгүнө байланыштуу таза суу көйгөйү курчуду. Өзгөчө, Акылбек Ажыманбетов жана Макмал көчөсүнүн баш жагындагы жашоочулары жаз келгенде, жамгыр жааганда ушундай чалчык суу ичебиз. Биз жашаган аймакта таза суу түтүгү орногон эмес. Ал жерде 40 га чукул кожолук жашайбыз. Азыркы убакта, күнүгө кезеги менен көчөмө көчө кылып сууну өчүрүп турушат. Анткени, суу топтоочу жайдагы суу жетпей калат. Айыл эли нааразы. Айылдын социалдык группасында күнүгө таза сууну талкуулап, нааразы болмой. Бизге жер алдынан дагы таза суу чыгарылып берген. Мындан тышкары, айылдан бери дегенде 7 чакырым алыста жайгашкан Кара-Суу деген жерден өз алдынча суу агызылып келип, кошумчаланган. Ошол агын суунун башы ачык болгондуктан, ал жерден малдар кечип өтөт, жамгыр жааган учурда жана жазында кар ээриген мезгилде кыян суулары кошулуп, ошондон улам суубуз кирдеп калат. Ошол жерди мал кечпегидей кылып тосуп, кыян суулары кошулбагыдай жасап бергиле деп, жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнгөн. Бирок, иш баштала элек», - деди Гүлзина Касымова.
Ал эми Ала-Буга айыл өкмөтүнүн башчысы Абдымалик Сулайманов жер алдындагы таза сууну изилдөөгө 4,5 млн сом каралганын айтты.
«Кош-Дөбө айылында таза суу орчундуу көйгөйлөрдүн бири болууда. Бул көйгөйдү чечүү максатында жер астындагы сууну изилдөөгө өткөн жума күнү жергиликтүү бюджеттен 4,5 млн сом карадык. Ал акча каржы министрлигинин макулдашылып, кол коюлуп келгенден кийин, биз тендер жарыялайбыз. Туура, 2022-жылы таза суу курулмасы курулган. Бирок, калктын саны өскөндүгүнө байланыштуу суу жетпей калып жатат. Бирок, аракеттерди көрүп жатабыз», - деди Абдымалик Сулайманов.
Ошондой эле, Кош-Дөбө айыл башчысы Марат Эдигеев айылдагы таза суу көйгөйү чоң долбоорлор аркылуу чечилбесе, абал кыйын экендигин ырастады.
«Негизи, айылда жер алдынан насос менен чыккан таза суу бар. Ал эми Кара-Суудан кошумча суу тартып келгенбиз. Ал жер саздак жер болгондуктан, жаан-чачын учурунда жанагындай кир суу келип калат, кайра тазаланат. Ошол Кара-Суунун башын тосууга жергиликтүү бюджеттен 75 миң сом каралган. Учурда, тендер жарыяланып, бирок жеңүүчү аныкталбай жатат. Жеңүүчү аныкталса эле, ишке ашат. Мындан тышкары, ушул 31-июль күнү жергиликтүү бюджеттен 4,5 млн сом каралды. Азыр анын токтому бекий элек. Ал эми, ошол айтылвп жаткан көчөгө ошол Кара-Суудан келген суу келет. Убагында, ал көчөнүн жашоочулары өздөрү «макул» болуп коюшкан экен. Каралган 4,5 млн сом сууну изилдөөгө, документ иштерине, айтор баштапкы жумуштарына сарпталат. Биринчи кезекте, таза суунун булактарын табышыбыз керек. Анан ал сууну лабораторияга жөнөтүшүбүз керек. Лабораториядан «ичкенге жарактуу» деп келсе, ошол суудан алуубуз керек болуп калат экен. Буга чейин Чоң-Дөбө деген жердеги булактын суусун лабораторияга жөнөткөн элек. Тилекке каршы, ал жердин суусун лабораториядан «ичкенге жараксыз» деп чыгарып беришти. Эми айылдагы таза суу көйгөйү чоң долбоорлор аркылуу гана чечилбесе, кыйын болууда», - деди Марат Эдигеев.
--
Отправлено из Mail для Android