Ак-Талаа; Түндө жүргөн селден улам Баетов-Макмал жолу бөгөлүп калды

turmush
Скачать
Просмотров: 237
 
Опубликовано 5 Августа 2026, 11:34

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда түндө жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Нарын-Баетов-Макмал унаа жолун кум-шагыл бөгөп калган. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Аскар Өмүрбековдун айтымында, 4-августтан 5-августка караган түнү, болжол менен саат 00:30 - 1:00 дөр чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен улам Кара-Бүргөн жана Коңорчок айылынын аралыгындагы Сүттүү-Булак чөлкөмүндө сел жүргөн. Тоо беттеринен жана коктулардан агып сел суусу менен бирге кум-шагыл куюлуп түшүп, натыйжада Нарын-Баетов-Макмал унаа жолунун 36-чакырымындагы тилкени бөгөп калып, унаалардын каттамы токтогон.

«Баетов-Макмал автожолунун 36-чакырымында тоо, коктудан куюлуп түшкөн шагыл жолду жаап, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жараткан. Аталган аймакка №15 жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техника тартылып, жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин натыйжасында жолдун бир тарабы ачылып, унаалардын каттамы убактылуу бир тилке аркылуу камсыздалды. Жолду толук тазалоо иштери улантылууда», - деди Аскар Өмүрбеков.

--
Отправлено из Mail для Android