Ак-Талаа; Кичи-Камандагы көпүрө суу алып кетүү коркунучуна кептелди

turmush
Скачать
Просмотров: 205
 
Опубликовано 29 Июля 2026, 15:01

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Арпа жайлоосундагы Кичи-Каман суусунун чордонундагы көпүрө суу алып кетүү коркунучуна кептелди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга малчылар билдирди.

Арпа жайлоосундагы малчы Эркинбек Абдыгулов Кичи-Каман суусундагы көпүрө бузулуп, суудан ары-бери өтө албай калышкандыгын айтты.

«Мындан 10 күн мурда тынымсыз жааган жамгырдан улам суу кирип, Кичи-Каман суусундагы көпүрөнүн башын суу алып кетип, көпүрө кыйрап калуу коркунучуна кептелди. Баш жагындагы таш толтурулган габион торлор гана сактап турат. Муну эмитеден эртелеп оңдоп беришпесе, кийин кыйын болуп калат. Жаңы көпүрө куруп калышат. Бул боюнча Кара-Бүргөн айыл өкмөт башчысына кайрылганбыз. Бирок, ушул күнгө чейин бир аракет көрүлбөй жатат. Бул жактагылар мал издеп жана башка иштер менен ары-бери каттай албай, суудан өтө албай жатабыз. Суунун жайын билбеген дагы бирөөлөр келип, кечип өтө калам деп, агып кетсе эмне болот», - деди Эркинбек Бабыгулов.

Ал эми Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайберген Русланов күйүүчү май жок болуп жаткандыгын, жакында жасашарын айтты.

«Ооба, аталган суудагы көпүрөнү суу алып кетейин деп калыптыр. Бирок, суунун ары жагында бизге тиешелүү 3-4 малчы бар. Калганы Ала-Буга айыл аймагына караштуу Коңорчок айылынын малчылары жайлап турушат. Бул боюнча Ала-Буга айыл өкмөтүнө дагы «биргелешип оңдойлу» деп кайрылып жатам. Буюрса, барып жасайбыз. Кичине убакыт керек. Анын үстүнө күйүүчү май жок болуп, бербей жатышат. Өткөндө болгон күйүүчү майыьызга Майыстан жана башка жайыт жолдорду оңдотуп салдык. 15-августка чейин барып жасайбыз. Айтор, малчылар бери көчө баштаганга чейин барып жасайбыз», - деди Кудайберген Русланов.

Ошондой эле, Кара-Бүргөн айыл аймагынын «Кадаң-Майстан» муниципиалдык ишкана ыгын алдындагы жайыт комитетинин өкүлү Шайырбек Турумбеков 10-августан кийин жасашарын айтты.

«Өткөн жылы көпүрөнү коргоочу габион тизгем. Суу ошонун башынан бурулуп, көпүрөнүн күн чыгыш жагын алып кетиптир. Жайыт акысын чогултуп жатабыз. Күйүүчү май алганга акча чогулса, 10&августтан кийин өкмөт башчы менен кеңешип барабыз, буюрса», - деди ал.