Ак-Талаа; Жол жээгинде пайда болгон көлмө, ак-талаалыктарды ысыктан коргоп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 279
 
Опубликовано 20 Июля 2026, 13:11

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда күндүн ысыгы 40 градуска чейин жетип жаткандыгын айтышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, учурда Бишкек тургай Ак-Талаа районунда күндүн ысыгы 40 градуска чейин жетип жатат. Градус аппаратын көлөкө жерге илгенле 35 градусту, ал эми күн тийген жерге койгондо 40-42 градуска чейин көрсөтүп жатышкандыктарын билдиришүүдө. Мындай ысыктан улам, ак-талаалыктар Ысык-Көлгө, Соң-Көлгө кетип жатышса, ал эми көпчүлүк тургундар үчүн Нарын-Баетов-Макмал жолунун жээгинде чакан көлмө пайда болуп, ошол көлмөгө түшүп жатышат. Ал көлмө Нарын-Баетов-Макмал унаа жолуна асфальт төшөө иштеринде керектүү шагыл алуудан улам унаа жол менен Нарын дарыясынын ортосунда же тактап айтканда Үгүт айылынын күн чыгыш тарабында пайда болду.

Ак-Тал айылынын тургуну Дастан Иманбеков пайда болгон көлмөгө келгендердин саны күн санап өсүүдө.

«Бул көлмөнүн пайда болгону жакшы болду. Мен өткөндө үй-бүлөм менен барып ал көлмөгө сууга түшүп келгем. Аны видеого тартып, соцсеттердеги статусума коюп койгом. Мурдагы күндөн бери көлмөгө келгендердин саны абдан көп болуп жаткандыгын айтышууда. Баетов, Ак-Кыя, Тоголок Молдо айылынын тургундары көп келип жатышыптыр. Бирок, суусу бир азайып кетиптир. Эгер, ал жердеги сугат суу каналына суу Бурулча суу көбөйөт болсо керек», - деди Д.Иманбеков.

--
Отправлено из Mail для Android