Суусамырдын Кызыл-Ой айылында сел жүргөн арыктардын нугу тазаланууда

turmush
Скачать
Просмотров: 29
 
Опубликовано 5 Июля 2026, 14:23

Чүй облусунун Суусамыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылында сел жараткан арыктардын нугу тазаланууда.

Бул тууралуу жергиликтүүлөр билдирди.

Белгилүү болгондой, 2- июль күнү саат 20.30 дарда катуу жааган жамгырдан улам Кызыл - Ой айылында сел жүргөн.

"Айылыбыз тоо этегинде жайгашкан. 2- июль күнү кечинде нөшөлөп жааган жамгырдан улам айылды сел каптады" - деди жергиликтүү тургундар.

Ал эми айыл өкмөтүнүн башчысы Таштан Үмөталиевдин айтымында, сел тоо койнундагы кокту- колоттон агып түшкөн.

"Жергиликтүүлөр кокту - колоттогу арык аркылуу агып түшкөн суудан эгин- талааларын сугарып келишет. Ошол күнү болгону 20 минутадай катуу жааган жамгырдан улам суу чакан арыкка батпай, сел жүрүп, талааларды каптап кеткен. Турак жайлар эгин талаалар зыянга учурабады. Айыл өкмөтү, ӨКБү жана жергиликтүүлөр жардам көрсөтүшүп, кооптуу жерлер тазаланды. Жабыркагандар жок. Учурда техникалар менен сел жүргөн арыктардын нугу тазаланууда" - деди ал.