Ак-Талаа; Үгүт айылындагы кичинекей бийчилер Түркияга жолдомо алышты

turmush
Скачать
Просмотров: 169
 
Опубликовано 1 Июля 2026, 13:37

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт айылындагы «Күн нуру» бий тобу эл аралык сынакта 3-орунду ээлеп, Түркияга жолдомо алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган айылдагы Муса Баетов атындагы орто мектебинин мугалими Нургүл Адылбекованын айтымында, Чолпон-Ата шаарында «Маланият эл дүйнөсү-2026» аталыштагы эл аралык сынак уюштурулуп, аталган сынакка Кыргызстандын баардык аймактарынан, Бишкек шаарынан, Түркия, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн келген бийчилер катышты. Ал эми Нарын облусу боюнча жалгыз «Күн нуру» бий тобу катышып, «Барби» бийи менен 3-орунду багындырды. Ошондой эле, жеке бийлөө боюнча Элзана 1-орунду ээлегендиги маалым болду.

«Бий тобун түзгөнүмө 4 ай болду. Тактап айтканда, ушул жылдын март айында уюштурган. Курамын 1-класс жана 2-класстын окуучулары түзөт. Ошондон бери бий боюнча үйрөтүп келем. Буга чейин райондук жана облустук сынактарга катышып байгелүү орундарга ээ болдук. Аткаруубузда 10 дон ашык бий бар», - деди Нургүл Адылбекова.

--
Отправлено из Mail для Android