Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндөгү Ара-Булак айылында дагы деле электр жарыгы жок. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Асанбек Кожобаев билдирди.
Анын айтымында, заманбап өнүккөн мезгилде жарыгы жок жападан жалгыз ушул айыл калуу алдында турат.