Бүгүн 22-июнь күнү Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылында сел жүрүп, белгисиз жеңил унаа сел суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айдоочулардын бири билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн түшкө чейинки убакытта нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Чий айылынын жогору тарабындагы бөксө тоолордон сел келип, сел Нарын - Баетов - Макмал унаа жолуна урунган. Ошол учурда, жолдо келе жаткан «Ауди» үлгүсүндөгү жеңил унаа сел жер кеткен жолдун жаракасына түшүп кеткендиги айтылган.
Такталган маалыматтарга караганда, унаанын айдоочусу жээкке чыгып кеткен. Ал эми унаа Ак-Талаа райондук №15 жол тейлөө ишканасы тарабынан сыртка чыгарылгандыгы маалым болду.