Ак-Талаа; Сел алып кеткен Нарын - Баетов - Макмал унаа жолунда каттам ачылды

turmush
Скачать
Просмотров: 47
 
Опубликовано 22 Июня 2026, 21:24

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Ак-Чий айылындагы сел алып кеткен унаа жол калыбына келтирилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн 22-июнь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Чий айылында кайрадан сел жүрүп, Нарын - Баетов - Макмал унаа жолундагы Мыкаачы-Суу суу өткөрмөгүндө жол тилкелерин сел алып кетип, унаалардын каттамы токтогон. Окуя болгон жерге тиешелүү ишканалар тарабынан ыкчам аракеттер көрүлүп, Ак-Талаа райондук №15 жол тейлөө ишканасы тарабынан жол калыбына келтирилди.

Ак-Талаа райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Аскар Өмүрбеков унаа жолдо каттам бар экендигин айтты.

«Баетов–Макмал автожолунун 8,5-чакырымынан 12–13-чакырым аралыгында бүгүн катуу жааган жамгырдын кесепетинен кайрадан Ак-Чий айылынын өйдө жагындагы дамбадан суу ашып, сел жүрүп, жолдун айрым бөлүктөрүн жууп кеткен. Учурда, сел калдыктарын тазалоо жана жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Жолдо унаалардын өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берилип, каттам ачылды. Ошол эле учурда тазалоо жана калыбына келтирүү иштери улантылууда. Жолду калыбына келтирүү иштерине 1 погрузчик, 1 автогрейдер, 1 автосамосвал жана 6 жумушчу тартылды. Өзгөчө кырдаалдар маалына байланыштуу бардык унаа жолдорду күн-түн дебей көзөмөлгө алып жатабыз», - деди Өмүрбеков.

--
Отправлено из Mail для Android