Ак-Талаа: Ак-Чийдеги дамбанын ичинде погрузчик техникасы селде калган.

turmush
Скачать
Просмотров: 834
 
Опубликовано 22 Июня 2026, 17:06

Бүгүн 22-июнь күнү Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылына аймагына караштуу Ак-Чий айылындагы дамбаны оңдоп жаткан погрузчик селде калды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 21-июнь күнүнөн тарта нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Чий айылынын жогору тарабындагы бөксө тоолордон сел суусу айылдагы селден коргоочу дамбанын айрым жээктерин бузуп кеткен. Такталбаган маалыматтар боюнча, дамбанын ичинде погрузчик техникасы селде калып калгандыгы боюнча маалымат тараган.

Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Таштан Мокеев погрузчикти жээкке чыгарып жатышкандыгын айтты.

«Кечээ күндөн бери Ак-Чийдеги селден коргоочу дамбанын бузулган тилкелерин оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бүгүн, оңдоо иштерин жүргүзүүгө тартылган погрузчик техникабыз дамбанын ичинде тыгылып калган. Аны чыгаруу үчүн экскаватор келе жаткан. Экскаватор келгиче дамба толтура сел суусу келип калган. Погрузчити тоголотуп кетчүдөй болгон жинди суу келди. Биз чочулап, погрузчикин ылдый жагын экскаватордун копшасы менен тосуп койгонбуз. Учурда, суу тартылып, погрузчикти чыгаруу аракетин көрүп жатабыз», - деди Мокеев.