Ак-Талаа; Ак-Чийдеги сел талкалап кеткен унаа жол калыбына келтирилди

turmush
Скачать
Просмотров: 45
 
Опубликовано 21 Июня 2026, 22:56

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Ак-Чий айылында жүргөн селден улам талкаланган унаа жол калыбына келтирилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ 20-июнь күнү аталган айылдын жогору тарабындагы бөксө тоолордон сел суусу түшүп, Нарын - Баетов - Макмал унаа жолунан ташкындап, натыйжада жолдун бир топ тилкесин суу жеп кеткен эле. Бул боюнча, тиешелүү ишканалар тарабынан ыкчам аракеттер көрүлүп, кечээ түнү жана бүгүн кечке жол оңдоо иштери колго алынып, аягына чыккандыгы маалым болду.

Ал эми Ак-Талаа райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Аскар Өмүрбеков сел талкалап кеткен жол калыбына келтирилгендигин айтты.

«Нарын-Баетов–Макмал унаа жолунун 8,5-чакырымында жана 12–13-чакырым аралыгында катуу жааган жаандын кесепетинен Ак-Чий айылынын өйдө жагындагы дамбадан суу ашып, сел жүргөн. Натыйжада жолдун айрым тилкелерин суу жууп кеткен. Натыйжада, ыкчам аракеттер көрүлүп, ошол эле учурда жолду калыбына келтирүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлдү. Калыбына келтирүү иштерине 4 даана
«Хово» үлгүсүндөгү автосамосвал, 2 даана погрузчик, 1 даана автогрейдер жана 1 даана экскаватор тартылып, тиешелүү иштер аткарылды. Баса белгилеп кетчү жагдай, ошол жолдун алдынан Мыкаачы-Суусу өтө турчу суу өткөрмөк бар. Ошол суу өткөрмөк жайгашкан жол тилкесинин алабы бир аз ичкерээк болуп калды. Учурда, ал жолдо капиталдык оңдоо иштери жүрүп жаткан. Ал суу өткөрмөк алмаштырылмак болчу. Кудай буюрса, суу өткөрмөктү башкача кылып, чоң типте жасайбыз. Учурда, жол ачык, каттам бар», - деди Өмүрбеков.

--
Отправлено из Mail для Android