Нарын облусунун Ак-Талаа районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кайрадан сел жүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, бүгүн 21-июнь күнү кайрадан нөшөрлөп жамгыр жаап, анын кесепетинен улам бул жолу Нарын - Баетов - Макмал унаа жолунда сел жүрүп, унаалардын каттамы токтоду. Тактап айтканда, Коңорчок айылы менен Чолок-Кайың айылынын аралыгында, бөксө тоолордон түшкөн сел суусу унаа жолдон ашып өтүп, жолдун бир тилкесин деп баштагандыгы маалым болду.
Ал эми Ак-Талаа райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Аскар Өмүрбеков аталган чөлкөмгө техникалар менен бара жаткандыгын айтты.
«Биз учурда, кечээ 20-июнь күнү селден улам талкаланган Ак-Чий айылындагы Нарын - Баетов - Макмал унаа жолу оңдоо иштерин жүргүзүп жатканбыз. Ушул тапта, Чолок-Кайың менен Коңорчок айылынын аралыгында сел жүрүп, аталган унаа жолго кооптуу абал жаралып жаткандыгы боюнча билдирүү түштү. Учурда, тиешелүү техникаларыбызды алып, ал жакка бара жатабыз», - деди А.Өмүрбеков.
--
Отправлено из Mail для Android